Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнү

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнү боюнча маалымат.

2021-жылдын 5-июнунда, министр Аскарбек Джаныбеков Кичи-Жаргылчак айылында жайгашкан “Кредо Бак” айыл чарба кооперативине барды. Кооператив 2006-жылы негизделген. Кооперативде мөмө-жемиштерди сактоо үчүн атайын бөлмө бар. Ошондой эле, жер-жемиштердин турун сактоо үчүн муздаткыч жана атайын муздаткыч кутучалары керектелет. Заманбап жабдууларды сатып алуу менен кооперативдин ишин мындан ары жакшыртууга болжол менен 15 000 АКШ доллары керектелет.

Министр Аскарбек Джаныбеков ишкананын жетекчисине гранттык негизде заманбап муздаткыч жабдууларын сатып алуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Белгилей кетсек, кооперативдин алдында нан бышыруучу цех түзүлгөн. Анда 5 аял иштейт, алардын орточо айлык акысы 15000 сомду түзөт.

Андан соң Түп токой чарбасынын Талды-Суу питомнигинде болду. Бул жерде 2 гектар аянтта карагай, ийне жалбырактуу жана бадалдуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Ошондой эле, 2017-жылы Алтайдын тандалма чычырканагы алынып келген. Ишкана питомник күнөсканада өстүрүлгөн көчөттөрдү сатуудан киреше табат.

Министр Аскарбек Джаныбеков питомниктин жетекчисине карагат өстүрүү боюнча ишти күчөтүүнү сунуш кылды. Анткени, карагатты асылдандыруу жана багуу технологиясы өтө жөнөкөй.

Министр питомник чарбасынын иши менен танышууну жыйынтыктап жатып бир нече көк карагай отургузду.

Андан соң “Ысык-Көл плюс” айыл чарба кооперативине барды. Чарбада көп тармакмактуу, мында асыл тукум мал, балыктын түрү (сазан, карп жана форель ) жана өсүмдүк өстүрүлөт. Мындан тышкары, кооператив товардык балыктарды өстүрүү менен да алектенет.

Быйыл ФАОнун “Кыргыз Республикасында аквамаданиятты туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен баштапкы иштетүүчү цехи ишке берилди. Бирок балыктарды уруктан өстүрүү процессин башталып, керектүү өлчөмдө балык жетишпегендигине байланыштуу балыктарды кайра өндүрүү иши баштала элек. Буга байланыштуу министр балыктарды икрадан эмес, чабактардан өстүрүүгө өтүүнү сунуш кылды. Анткени процесс жеңилдегенде гана иш тездейт.

Ошондой эле, бул кооперативде 50 тоннадан ашык балык өстүрүү үчүн атайын көлмөлөр жана “Радуга” форелин өстүрүү үчүн бассейндер дагы бар.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button