Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Аскарбек Джаныбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Аскарбек Джаныбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын биринчи күнү боюнча бир күндүк маалымат.

Алгач министр ишти Балыкчы шаарындагы “Береке” насостук станциясынан баштады.

Станция 1973-жылы пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө насостук станцияда үч агрегат иштеп жатат, жалпы сыйымдуулугу 1,08 м3 / сек.

Станция Балыкчы шаарын жана Тору-Айгыр, Сары-Камыш айылдарын сугат суу менен камсыздайт. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө 1178 гектар аянтты суу менен камсыздайт.

Бюджеттин тартыштыгынан улам насостук станциянын эскилиги жеткен жабдуулары колдонуп келет жана станция капиталдык оңдоо негизги маселе.

Натыйжада, эски жабдууларды пайдаланууда коэффициент төмөндөгөн. Ошондой эле, станциянын стандарттык пайдалануу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, жогорку басымдагы суу түтүктөрү жер астынан чирий баштаган. Маселен,  D1250 / 125 насостору станция ишке киргенден бери алмаштырыла элек, 2 насостун кузову жараксыз абалда. Бүгүнкү күндө станцияда 1 гана насостук агрегат иштейт, андыктан 2 D1250 / 125 насосун алмаштыруу керек.

Жакын арада 13 км аралыкка канал куруу жана бир агрегаттык станция салуу пландалууда. Бул станция ишке киргенден кийин кошумча 800 гектар аянтты сугат суу менен камсыздай алабыз.

Андан соң Тоң районунун Көк-Мойнок айыл округунда болду.

Айдоо жерлерин сугат суу менен камсыз кылуу программасынын алкагында 1970-80-жылдары 38 артезиан кудугу курулган. Артезиан кудуктары толугу менен жарактан чыгып, жабдуулар эскирген. Жыйынтыгында жаңы канал куруу пландаштырылган.

Каналдын курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылдын аягында аяктаган. Курулуш иштерине Кытай мамлекети 500 миллион сом гранттык акчалай жардам көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө 516 гектар жаңы сугат аянттары пайдаланууга берилди, 3500 гектардан ашык жерди суу менен камсыздоо жакшыртылды. Учурда 1900 гектар жер тартылуу каналдары менен сугарылууда. Жыйнытыгында 4080 гектар жер сугат аянтын түздү.

Андан соң министр Аскарбек Джаныбеков Тоң мамлекеттик балык заводунда болду.

Тон мамлекеттик балык заводу 1965 жылы курулган. Азыркы учурда форель, сига лудога жана сазан, карп балыктарын өстүрөт. Жылына 200-250 миң форель жана 6-7 млн сига лудога балыгынын малектору өстүрүлүп Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнө кое берилет.

Бүгүнкү күнгө чейин бул балыктардын 10 миллиондон ашык жумурткасы инкубацияга жумшалды. Чабактар Ысык-Көлдө жана Тоң балык заводу мамлекеттик ишканасынын куурма бассейндерине отургузулат.

Министр заводдун аймагын карап чыгып, иштин жүрүшү жана учурдагы абалы, ишкананын бүгүнкү көйгөйлөрү менен таанышты. Заводдун башчысы балык чарбаларын абалын жакшыртуу максатында окуу борболорун түзүү сунушун айтты. Министр балык чарбасынын директоруна жана балык өстүргөн фермерлерге Россиянын, Украинанын жана Беларуссиянын университеттеринде окутуу программалары жөнүндө маалымат берди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button