Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбеков Ак-Талаа районундагы Жаман-Даван каналынын курулуш иши менен таанышты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбеков Ак-Талаа районундагы Жаман-Даван каналынын курулуш иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбековдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын үчүнчү күнү боюнча маалымат.

2021-жылдын 30-майында, министр Аскарбек Джаныбеков Ак-Талаа районундагы Жаман-Даван каналынын курулуш иши менен таанышты.

Бүгүнкү күндө долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып, долбоордун иштерин бүтүрүү кийинки жылга күтүлүүдө. Эгерде каналдын курулушу аяктаса, 5 айылдын сугат суу маселеси чечилет. Жалпысынан 2 миң гектар сугат жер өздөштүрүлөт. Долбоордун жалпы сметалык баасы болжол менен 1,5 миллиард сомду түзөт. Аны жалпысынан бүтүрүү үчүн каражат издейбиз деп белгиледи министр.

Министр Ак-Талаа районунун Коңурчук айылындагы Ак-Сай каналынын курулушу менен таанышты. Курулуш иштери аяктап, долбоордун наркы – 170 миллион сомду түздү.

“Долбоор  ийгиликтүү аяктагандан кийин 600 гектар жаңы сугат жерин өздөштүрөбүз жана 200 гектарга суу жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу пландалууда”, – деди министр.

Бүгүнкү күндө башкы водозабордун  узундугу 14 км болгон М-1, М-2, М-3 каналдарынын, 700 м дюкеринин жана магистралдык каналдын курулуштары аягына чыкты.

Андан соң министр Ат-Башы районунун Таш-Рабат тилкесиндеги Ичке-Таш-Рабат каналына барды. Ат-Башын районунун Кызыл-Туу айылынын тургундары  1000 га аянтка жакын сугат жерлерин сугаруу  жана малды тоют менен камсыздоодо секундасына 0,8 куб метр өткөрүмдүүлүк кубаттуулугу менен 35 чакырым түзгөн каналынын курууну демилгелешти.

Бул долбоор мындан мурун мамлекеттик сугат программасына киргизилген. Бүгүнкү күндө техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу башталды, долбоорлоо иштери 2022-жылы аяктайт.

Андан соң Нарын облусунун Ат-Башын районундагы “Ат-Башы Сүт” сүттү кайра иштетүүчү жана сыр өндүрүүчү заводунда болду.

“Ат-Башы Сүт” заводу 2011-жылы ишке берилген. Завод бүгүнкү күндө Нарын облусундагы эң заманбап ири ишканалардын бири. Анда суткасына 10 тоннага чейин сүт кайра иштетет. Өндүрүлгөн продукция негизинен Бишкек шаарынын базарларында сатылат. Завод өнүккөн технологиялык жабдуулар менен жабдылган, ишкананын кубаттуулугу суткасына 10 миң литрге чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Өндүрүлгөн азыктар жүз пайыз табигый сүттөн жасалат.

Министрликтин башчысы иш процесси менен таанышып, көйгөйлөрүн укту. Заводдун жетекчиси  асыл тукум мал чарбасын куруу планы бар экенин жана жерди трансформациялоого жардам берүүсүн өтүндү. Министр Аскарбек Джаныбеков Мамлекеттик жер ресурстары агенттигине бул маселени тез арада чечүүсүн тапшырды.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button