![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/chem-otlichaetsya-karp-ot-sazana-2.jpg)
Кыргыз Республикасынын Айыл, токой суу чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти Тоң балык өстүрүү заводу жана Түп районундагы “Ысык-Көл плюс” айыл чарба кооперативинин кызматкерлери менен биргеликте, 2021-жылдын 23-24-май айында, “Ысык-Көл плюс” айыл чарбасынын инкубациялык цехинде Карп-Сазан балыгынын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча практикалык окуу семинарын өткөрүштү. Окуу семинарына Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң жана Түп райондорунун балык чарба ассоциациаларынын өкүлдөрү жана башка кызыккан тараптар чакырылды. Окуу семинарында, Карп-Сазан балыгынын икрасын гипофиз (балыктардын жыныс органдарынын жетилүүсүн стимулдаштыруу) инъекциясын алуу менен чыңалтуу жана эркек балыктарынын сүтү менен уруктандырып, “Вейс” аппараттарына жайгаштыруу процесси көрсөтүлдү.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/IMG-20210525-WA0018-2.jpg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/IMG-20210525-WA0013-768x1024.jpg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/IMG-20210525-WA0010-768x1024.jpg)