Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрлике кайрылган дыйкандардын көйгөйү ыкчам чечилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлике кайрылган дыйкандардын көйгөйү ыкчам чечилди


2021-жылдын 20-майында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылынын тургуну Назаркул Жоошбаев фейсбук баракчасына Сары-Жон айылынын дыйкандарына сугат суу жетпей жаткандыгы боюнча жазып, Айыл, токой жана суу чарба министрлигине кайрылган.
Бүгүн Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу мамлекеттик суу чарба департаментинин адистери Орото-Токой суу сактагычын ачып, Сары-Жон айылынын дыйкандарына сугат сууну ыкчам жеткире баштады.
Сары-Жон айылынын дыйкандарына сугат суунун жетпей жаткандыгын Мамлекеттик суу чарба департаментинин адистери дыйкандарга жеринен төмөндөчө түшүндүрүп беришти.
Алардын айтымында күндүн салкын болгондугуна байланыштуу мөңгүлөр эрибей, былтыркы жылга салыштырмалуу тоодон суу аз түшүүдө. Ошондой эле сууну колдонгон дыйкандардын саны дагы былтыркы жылга салыштырмалуу арбын.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button