Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Балык чарбасынын учурдагы абалы, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” деген темада тегерек стол өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Балык чарбасынын учурдагы абалы, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” деген темада тегерек стол өттү

2021-жылдын 19-майында, Токмок шаарында “Балык чарбасынын учурдагы абалы, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору”  деген темада тегерек стол өттү. Жыйынга Айыл, токой жана суу чарба министри Аскарбек Джаныбеков, министрдин орун басары Илич Марсбек уулу жана департамент, агенттиктердин жетекчилери катышты.

Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин алдындагы  Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов балык чарбаларынын учурдагы абалы жөнүндө презентация жасады. Ага кошумча “Кыргыз токой-аңчылык жайгаштыруу” мамлекеттик мекемесинин директору Сабырбек Чукумбаев Токмок токой чарбасы тарабынан балык чарбаларын ачууда жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө маалымат берди. Жайыттар жана мал өстүрүү департаментинин директору Жаныбек Керималиев жайыт жерлери жөнүндө маалыматты кошумчалады.

Жыйындын соңунда катышуучулар суроо-жоопко кошумча сунуштарын айтышты.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button