Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Дорпер” породасындагы 102 баш кой алынып келинди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Дорпер” породасындагы 102 баш кой алынып келинди

2021-жылдын 19-майында, Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министри Аскарбек Джаныбеков Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка айылында жайгашкан кой өстүрүү чарбасы менен жеринен таанышты.

Бул чарба бодо малды асылдандыруу жана бордоп семиртүү менен алектенсе, эми койдун ушул тукумун көбөйтүү үчүн адистештирилген чарба толугу менен кайра даярдалды.

Чүй облусунун Кемин районуна жеке фермерлер аркылуу Австралиядан учак менен ар бири 2500 доллар болгон 102 баш кой алынып келинди. Келечекте дагы 1000 баш кой алып келүү планы бар. Койлор сырттан келгендиктен 30 күнгө карантинге киргизилди. Бир ай бою мал доктурлардын көзөмөлүндө болот.

“Дорпер” породасы Африка менен Англиянын койлорунун аргындаштыруусунан келип чыккан.

Бул койдун этин май каптап, семирбейт. Эти «Абердин-ангусс» породасындагы букалардын этине окшош. Атайын жем-чөп тандабайт. Бир жылда 2 жолу, анан дагы көбү эгиздеп төлдөйт. Тирүү салмагы 140 килограммга чейин барат.

“Дорпер” породасы дүйнөдөгү эң көп керектелүүчү булгаары болуп саналат жана бул койдун териси  Cape Glovers деген ат менен сатылат.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button