Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республиканын аймактардагы дыйкан, фермерлерди “Дыйкан Дос” телеграмм ботун натыйжалуу колдонууга үйрөтүү боюнча тренингдер башталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Республиканын аймактардагы дыйкан, фермерлерди “Дыйкан Дос” телеграмм ботун натыйжалуу колдонууга үйрөтүү боюнча тренингдер башталды

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында фермерлерди “Дыйкан Дос” телеграмм ботун натыйжалуу колдонууга үйрөтүү боюнча тренингдер башталды. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин алдындагы “АйылМаалымат” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери “Enactus KSRU” командасы менен биргеликте өткөрүп жатышат.

Окутуулар региондордун облустук борборлорунда өткөрүлүп жатат. Биринчи семинар Ош облусунун, тактап айтканда, Араван, Өзгөн, Ноокат, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Алай райондорунда өткөрүлдү.

Тренингде фермерлерге телеграмм боттун бардык артыкчылыктарын натыйжалуу колдонууну үйрөтүү менен райондордун актуалдуу көйгөйлөрү боюнча атайын анкета жүргүзүлүүдө.

Тренингге катышкан жергиликтүү тургундар ыраазычылыктарын билдирүү менен дыйкан, фермерлер арасында жайылтуу керектигин айтышып, колдоо көрсөтүп, жардам берүүгө даяр экендигин билдиришти.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button