Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери бир жуманын ичинде республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү.
Тактап айтканда, 2021-жылдын 7-майынан 14-майына чейин 7333,4 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылган.
ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери сакталды.