![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/186027649_571773334178390_2320483978242389001_n.jpg)
2021-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин жалпы кызматкерлери Чүй токой аңчылык чарбасынын Кегети токойчулугунда Тянь-Шань карагайын отургузуу ишембилигин өткөрүштү. Кегети токойчулугунун 2 гектар жер аянтына 2000ден ашык Тянь-Шань карагай көчөтү отургузулду. Кегети токойчулугунун жалпы аянты 9919 га түзүп, анын ичинен токой каптаган бөлүгү 40 пайызын түзөт. Быйыл Кегети токойчулугунун 5 гектар жер аянтына ийне жалбырактуу 5500 даана көчөт отургузулду.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/186224966_571774350844955_4700798037401557486_n.jpg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/186128483_571773567511700_6151751481754835960_n.jpg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/186939940_571774274178296_5357062069522531231_n-1.jpg)