Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Быйыл өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери болжол менен 70 000 гектар жерге жүргүзүлөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Быйыл өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери болжол менен 70 000 гектар жерге жүргүзүлөт

2017-2020-жылдары республикада зыяндуу чегирткелер көбөйө баштаган. Акыркы жылдары  чегирткелердин очоктору табылууда жана ареалдары кеңейүүдө жана окумуштуулар мүмкүн эмес деген бийиктиктерге (деңиз деңгээлинен 2000 метрден бийик) көтөрүлүүдө.  Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүшү менен байланыштырууда.

Зыяндуу чегирткелердин өлкөбүздөгү негизги тарыхый ареалдары – Нарын (Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы, Жумгал райондорунун жайыттары), Жалал-Абад (Аксы, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон райондорунун жайыттары), Ош (Араван, Ноокат райондорунун жайыттары), Баткен (Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун жайыттары), Чүй (Жайыл, Панфилов, Чүй райондорунун жайыттары) жана Талас (Манас, Кара-Буура райондорунун жайыттары) облустарында жайгашкан.

2020-жылы чегирткелерге каршы республика боюнча 70 672 гектар жайыт аянты иштетилип, анын ичинен Баткен облусунда – 16675 га, Жалал-Абад облусунда – 4267 га, Ош облусунда – 7750 га, Нарын облусунда – 29300 га, Чүй облусунда – 4380 га жана Талас облусунда – 8300 га аянт иштетилген.

2021-жылга карата республика боюнча зыяндуу чегирткелердин чыгуусуна жана аларга каршы күрөшүү иштери болжол менен 70 000 гектар жерге жүргүзүлөт.

Департамент тарабынан жыл сайын зыяндуу чегирткелерге каршы химиялык иштетүүлөргө негизинен Лямбда-цигалотрин 50 г/л КЭ, Альфа-циперметрин 100 г/л КЭ, Дельтаметрин 125 г/л УМО жана Хлорпирифос 240 г/л УМО инсектициддери менен жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө Департаменттин кампасында зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү үчүн 21861 литр пестициддердин запасы бар. Бул запас болжолдонуп жаткан аянтка толук жетиштүү.

Департамент тарабынан жыл сайын зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүүдө 10 атайын автоунаа жана аларга чиркелүүчү ультра аз көлөмдүү «Микронер АУ-8115М» чачкыч аппараттары жана 5 трактордук чачкыч тартылат.

2021-жылдын 15-апрелинде  Жалал-Абад регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн адистери тарабынан, Ноокен районунун Достук айылдык округунун Таш-Дөбө участкасында зыяндуу чегирткелердин личинкаларынын жаңы чыгып жаткан очоктору табылган. Аталган участокто жалпы 100 га аянтта марокко чегирткесинин личинкалары 1 м2та 6-8 экз. жыштыкта катталган (сигналдык кабар тиркелет).

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button