
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери бир жуманын ичинде республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү.
Тактап айтканда, 2021-жылдын 23-апрелинен 30-апрелине чейин 13385 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылган.
ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери сакталды.