Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Улуттук стандарттын долбоору иштелип чыкты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Улуттук стандарттын долбоору иштелип чыкты

2021-жылдын 25-февралында, № 117  Премьер-министрдин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чараларынын Планын аткарылышын камсыз кылуу максатында жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү жана органикалык айыл чарбасы менен алектенген фермерлердин дараметин жогорулатуу жана  жагымдуу шарттарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба   жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинде  органикалык  өндүрүштүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча Техникалык комитет  (мындан ары-ТК-35) түзүлүп, Кыргыз Республикасынын органикалык өндүрүшүнүн улуттук стандарты иштелип чыкты.  «Органикалык өндүрүш. Өндүрүү, сактоо, кайра иштетүү жана ташуу боюнча талаптары» улуттук стандарты 2021-жылдын 21-апрели Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун № 23-СТ буйругу менен кабыл алынды. Улуттук стандарттын даяр версиясы Айыл, суу чарба   жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин сайтына жайгаштырылды.

          Улуттук стандарттын долбоорун иштеп чыгууда балчылар, токой колдонуучулар ассоциацияларынын, бизнес коомчулугунун, мал чарба, дыйканчылык, ветеринария, фитосанитария, балыкчылык, саламаттыкты сактоо мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.

         Ушул стандарттын максаты төмөнкүлөр болуп саналат:

      –  рынокто керектөөчүлөрдү алдоодон жана продукцияларга негизсиз дооматтардан коргоо;

       –  башка айыл чарба продукцияларын органикалык катары жалган сатуудан органикалык продукцияларды өндүрүшчүлөрдү жакшылап коргоо;

       – айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн, даярдоонун, сактоонун, транспорттоонун жана сатуунун бардык этаптарында текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле ушул стандарттын талаптарына карата тиешелүү продукциялардын шайкеш келишин камсыздоо;

       – продукцияларды өндүрүү, сертификациялоо, идентификациялоо жана маркалоо жөнүндө жоболорду макулдашуу;

        – эквиваленттүү улуттук тутумду таануу үчүн органикалык тамак-аш продуктыларынын эл аралык жетектөөчү принциптерге, эрежелерге жана контролдоонун стандарттык тутумуна ылайыктуулугун камсыз кылуу;

       – айлана-чөйрөнү улуттук жана эл аралык деңгээлде коргоо үчүн органикалык айыл чарба тутумуна колдоо көрсөтүү жана өркүндөтүү.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button