
20-февралда Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкандарга кулпунай өстүрүүнүн туура ыкмасы боюнча окутуу семинары өткөрүлдү. Окутуу агрардык секторду колдоо программасынын алкагында уюштурулуп, айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга багытталган. Семинардын өзгөчөлүгү Эл аралык селекционер-эксперт, Италиялык агроном Франко Зентинин катышуусу болду. Ал тажрыйбасы менен бөлүшүп, ар кандай климаттык зоналарда кулпунайды өстүрүүнүн эң натыйжалуу тажрыйбалары жөнүндө айтып берди. Эксперттин презентациясы сортторду тандоо, кам көрүү, ооруларга жана зыянкечтерге каршы күрөшүү жана башка темаларды камтыды. “Кыргызстанда жакынкы өлкөлөрдөн айырмаланып, бул тармакта зор потенциалы бар. Бизде мөмөлөр үчүн идеалдуу климат бар. Бизге италиялыктар келип, аба-ырайына, анын ичинде кургак шамалга суктанышат. Алардын абасы нымдуу болгондуктан фунгициддерди колдонушу керек, бул мөмөлөргө белгилүү бир химиялык жүктү берет. Албетте, кургак климатта да зыянкечтер бар, алар менен да күрөшүү зарыл. Бүгүнкү күндө негизги сатуу рыногу — Орусия жана Казакстан, бирок рынокту кеңейтүү боюнча кызуу иштер жүргүзүлүүдө. Кыргыз мөмөлөрүн Монголияга, Катарга, БАЭге, Японияга, Кытайга, АКШга, Кореяга, Индияга жана Евросоюз өлкөлөрүнө жеткирүүнү баштоо пландаштырылууда”, – деп белгиледи Министрликтин алдындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар кулпунай өстүрүүнүн жаңы технологияларын жана туура ыкмасын колдонуу боюнча практикалык сунуштарды алышты, ошондой эле экспертке суроолорду берүүгө, конкреттүү көйгөйлөрдү талкуулоого жана өз чарбаларында ишке ашырууга боло турган чечимдерди табууга мүмкүнчүлүк алышты. Семинар “Кулпунай Кыргызстан” компаниясы менен биргеликте өткөрүлдү. Семинарга өлкөнүн бардык аймактарынан фермерлер чогулду.