Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Республика боюнча бүгүнкү күндө 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар

2025-жылдын жазгы себүүсүнө жалпы 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрү керектелсе, анын 57,6 миң тонна үрөнү топтолуп, 89,1 % камсыз болду. Анын ичинен, буудай үрөнү 20,5 миң тонна керектелсе, 17,8 миң тоннасы топтолуп, 87,2 % түздү, арпа үрөнү 43,9 миң тонна керектелсе, 39,5 миң тоннасы же 89,9 % топтолду. 2025-жылга болгон керектөө 286,6 миң тоннаны түзөт анын ичинен: азоттук жер семирткичтер – 163,6 миң тонна, фосфордук – 105,9 миң тонна, калийдик – 17,3 миң тонна. 2025-жылдын 17-февралына карата республикага ташылып келинген минералдык жер семирткичтердин көлөмү 34,9 миң тонна болууда, же керектөөнүн 13,0 % түзүүдө. Азоттук минералдык жер семирткичтердин баасы 22,7-30,0 сом/кг болсо, ал эми карбамид 30-38 түзүүдө. 2025-жылдагы  жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 42,2 миң тонна дизель отуну, 12,0 миң тонна автобензин  керектелет. Учурда нефтетрейдерлердин берген маалыматы боюнча нефтебазаларда жана автомай куючу жайларда  дизелдик отун,  автобензин  жетиштүү көлөмдө бар. Республика боюнча бүгүнкү күндө 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Анын ичинен тракторлор – 22149 даана, соколор – 10946 даана, үрөн сепкичтер – 3285 даана, жер семирткич чачкычтар – 754 даана, малалар – 1534 даана, арык казгычтар – 1362 даана, трактор чиркегичтери – 1077 даана жана башка техникалар. Аймактардан алынган маалыматтар боюнча быйылкы жазгы талаа жумуштарына карата айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 75 % барабар.

Show More
Back to top button