2025 жылдын 3-февралынан 7-февралына чейин Москва шаарындагы “Экспоцентр” борборунда 32-чи эң чоң эл аралык тамак-аш, суусундуктар жана аларды өндүрүү үчүн чийки заттардын “ПродЭкспо-2025” көргөзмөсү өткөрүлдү. Кыргыз Республикасы тарабынан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун өкүлдөрү жана 26 экспортко багытталган жергиликтүү компаниялар катышты. Көргөзмөнүн алкагында катышуучу, өндүрүүчүлөрдүн арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданы стимулдаштыруу боюнча Иш-чаралар планы түзүлдү. Бул документ Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктардын алдын алууга жана аларды жоюуга багытталган. Мындан тышкары, көргөзмөнүн жүрүшүндө бардык катышуучулар менен бейформал жолугушуу өткөрүлдү. Тажрыйбалуу өндүрүүчү – экспортерлор тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн жаңы катышуучулары менен россиялык чекене сатуучулар менен иштөө тажрыйбасы тууралуу бөлүшүп, товарлардын сапатына жана жеткирилишине карата талаптарды түшүндүрүп, продукцияны электрондук маркировкалоону киргизүү жана экспорттук ишмердүүлүктүн башка маанилүү аспектилерин талкуулашты. 2025-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Насирдинов С.Н. менен Москванын «Фуд Сити» дүң жана чекене базарынын башкы директору Омар Абрамовдун жолугушуусу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясын сатуу үчүн базардын аймагында улуттук павильон түзүү боюнча кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн демилгеси тууралуу маселе талкууланды. Бул павильон кыргызстандык ишкерлерге россиялык рынокко чыгууну кеңейтүүгө, ошондой эле ата мекендик фермерлердин продукциясын россиялык керектөөчүлөрдүн арасында кеңири жайылтууга мүмкүндүк берет. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргызстандык ишкерлерге «Фуд Сити» аймагынан ижара акысы боюнча артыкчылыктуу жеңилдиктер менен соода жайларын берүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул ата мекендик айыл чарба продукциясынын Россия рыногуна чыгуусуна жагымдуу шарттарды түзүп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын бекемдейт. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кызматкерлери жаңы жашылча-жемиштерге, ошондой эле сүт, эт жана кайра иштетүү азыктарына дүң жана чекене бааларга мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жыйынтыгы Кыргызстандын продукциясынын Россия рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктоого жана аларды жылдыруу боюнча мындан аркы кадамдарды түзүүгө жардам берет. 7-февралда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Насирдинов С.Н. менен Россия Федерациясынын айыл чарба министринин орун басары Титов М. А. менен жолугуштуу. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн айыл чарба ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча Жол картасын түзүү жана кол коюу маселеси талкууланды. Орус тараптын демилгеси менен айыл чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин катышуусунда өкмөттөр аралык комитеттин кийинки отурумунда Жол картасына кол коюу пландалууда. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин активдүү жардамы менен Россия Федерациясынын Федералдык Мамлекеттик статистика кызматынын башчысынын орун басары А.В. Горобцов менен жолугушуу болуп өттү. Жыйындын алкагында 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун уюштуруу маселеси каралды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 5 миң даана планшетти орус тарап кыргыз тарапка берүү боюнча алдын ала макулдашуу жетишилди.



