Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кара-Сууда эхинококкоз оорусун алдын алуу максатында иш чара өттү

Ош облусунун Кара-Суу районунда эхинококкоз оорусун алдын алуу максатында “Медициналык дарыгер адамды дарылайт, ветеринардык дарыгер – адамзаты дарылайт” аталышындагы форум өттү. Иш-чараны Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы Ветеринардык кызматтын Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгы менен биргеликте уюштурду. Иш чарага райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт (мэр) башчылары, айыл башчылар, айылдык ден-соолук комитеттери (АДК), социалдык кызматкерлер, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, ветеринарлар,  санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлер, жайыт комитеттеринин башчылары, асыл тукум чарбалардын жетекчилери, мал союучу жайлардын ээлери, эт сатуучу дүкөндөрдүн (касапчы) ээлери болуп жалпы 450 адам катышты. 

Иш-чаранын максаты – райондун аймагында эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалды жакшыртуу. 

Милдеттери: 

1 Эхинококкозго каршы күрөшүүнүн улуттук артыкчылыктары жана келечеги 

2 Эхинококкозго каршы күрөшүүдө илимий жана практикалык чечимдер 

3 Өлкөдөгү эхинококкоз оорусунун абалы 

4 Элдин саламаттыгын эхинококкоз оорусунан сактоо жана коргоо 

5 Эхинококкоз боюнча эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалды жакшыртуу 

6 Адамдардын жана жаныбарлардын эхинококкоз оорусуна мониторинг жүргүзүү 

7 Эхинококкоз оорусу тууралуу маалымат (маалыматтык системалар) 

8 Климаттын өзгөрүү шарттарына ылайык ооруну изилдөө 

9 Эхинококкоз менен күрөшүү жана алдын алуу чаралары

Show More
Back to top button