![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/mify_pitaniya_nazvaniya_eko_bio_organik_lozh-2.jpg)
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында 2025–2029-жылдарга карата органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоорун (мындан ары – Программа) иштеп чыгып, коомдук талкууга сунуштайт. Программа органикалык продукция өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик колдоо аркылуу укуктук, экономикалык жана социалдык жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Кыргызстан органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө уникалдуу табигый-климаттык шарттарга ээ:
✔ таза экосистема;
✔ тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда экологиялык таза топурак жана суу ресурстары;
✔ агрохимикаттарды аз колдонгон салттуу айыл чарба ыкмалары;
✔ биологиялык ар түрдүүлүк;
✔ жогорку экспорттук потенциал. Азыркы учурда сертификацияланган органикалык айыл чарба жерлеринин аянты 63 000 гектарды түзөт, бул жалпы айдоо жерлеринин 5,25%ына туура келет. 2025–2029-жылдарга карата максаттар:
✅ Сертификацияланган органикалык айдоо жерлеринин аянтын 200 000 гектарга чейин көбөйтүү (3 эсеге)
✅ Органикалык өндүрүштүн үлүшүн айыл чарбанын жалпы көлөмүндө 25%га жеткирүү
✅ Экспорттук рынокторду кеңейтүү жана органикалык продукциянын экспорттогу үлүшүн 25%га чейин жогорулатуу Негизги иш-чаралар:
🔹 Ысык-Көл жана Нарын облустарын толугу менен органикалык дыйканчылыкка өткөрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу
🔹 Органикалык өндүрүштүн артыкчылыктары боюнча кеңири маалыматтык кампания жүргүзүү
🔹 Органикалык продукцияны кайра иштетүү жана логистика системасын өнүктүрүү
🔹 Органикалык продукцияны сертификаттоочу лабораторияларды түзүү
🔹 Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алдыңкы технологияларды киргизүү Коомдук талкууга коюлган документтер:
📌 2025–2029-жылдарга карата органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасы
📌 Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
📌 Индикаторлор матрицасы
📌 Программанын бюджети
Документтердин толук пакети коомдук талкуунун Бирдиктүү порталында жеткиликтүү: 🔗 https://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/4707