![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/maxresdefault-1-4.jpg)
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кайра иштетүү тармагы, соода логистикалык борборлорду куруу, сактоо кампаларды ишке киргизүү маселесине басым жасайт. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аны ишке ашырууга “Азия өнүктүрүү” банкы аркылуу 40 миллион доллар акча каражаты каралгандыгын билдирди.
“Бөлүнүп жаткан каражаттар фермерлерге эмес, соода логистикалык борборлорун курууга жумшалат. Ал каражаттар мамлекеттик “Айыл банк”, аркылуу берилет. Бириккен товар өндүрүүчүлөрдө муздаткыч, азык түлүктү сактай турган борборлор болушу зарыл”, -деп белгилейт Бакыт Төрөбаев.
Белгилей кетсек, айыл чарба продукциясынын көлөмүн, кирешелүү сортторун өстүрүү максатында 2025-жылдын 1-январынан баштап “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү колдоо” долбоору ишке кирген.