Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бетон полотносун чыгаруучу завод агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жол ачат

2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы №612- буйругунун негизинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “Юнайтед Конкрет Канвас” ЖЧК компаниясынын ортосунда геосинтетикалык цементтен композиттик материалдарды, башкача айтканда бетон жайылмасын (полотно) чыгаруучу заводду куруу боюнча макулдашууга кол коюлган. Документке ылайык, министрлик заводдун курулушу аяктаганга чейин 500 миң м2 өлчөмүндө компаниянын продукциясын жана 1,5 млн м2 продукцияны завод ишке киргенден тартып 10 жылдын ичинде сатып алат. Бул инвестициялык долбоор 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизги максаттарынын бири, атап айтканда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү багытында болуп саналат. Заводдун пландаштырылган кубаттуулугу жылына кеминде 5 миллион м² ийилме бетон чыгарууга мүмкүнчүлүгү жетет. Бетон полотносун өндүрүү боюнча заводдун курулушу экологияга зыян тийгизбеген, Кыргызстандагы өнөр жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү келечектүү долбоор болуп саналат. Белгиленгендей, ишкана ирригациялык жана гидротехникалык курулмаларга төшөлүүчү бетон полотносун чыгарат, анткени материал суу өткөрбөйт. Пландаштырылып жаткан долбоор Кыргызстанда ирригация системасын куруунун жана реконструкциялоонун актуалдуу көйгөйлөрүн Concrete Canvas инновациялык технологиясы аркылуу чечүүгө мүмкүндүк берет. Атап айтканда, долбоорду ишке ашыруу ирригациялык системалардын эксплуатациясын жогорулатууга, өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде суунун коромжусун болтурбоого жана каналдарды, коргоочу дамбаларды жана жарандык инфраструктуранын башка объекттердин реновациялоо программаларына бюджеттик чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет.

Show More
Back to top button