Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жеке мал доктур салмагы 32 кг түзгөн швиц породасындагы асыл тукум буканын төлүн алды

Чуй облусуна караштуу Жайыл районунун Суусамыр айылындагы жеке мал доктур Мейманкулов Сагынбек малды жасалма уруктандыруу ишин ийгиликтүү жүргүзүп келет. Ал Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий- изилдөө институтундагы асыл -тукум букаларынан өндүрүлгөн уруктарды колдонуп, сүт-эт багынтындагы швиц породасындагы асыл тукум буканын төлүн алды. Музоону салмагы 32 кг. Швиц породасы республиканын бардык аймактарында өстүрүүгө ылайыктуу.  Сүт-эт багытындагы уй жылына 3,5 миң килограммга жакын сүт берет. Породанын өкүлдөрү үчүн рекорддук сүт алуу жылына 10 миң килограммга жетет. Майлуулугу жашаган аймакка жараша 3,6–4,2% түзөт. Продукциядагы протеин 3,2% дан кем эмес. Туура азыктандыруу менен активдүү өсүү мезгилинде суткалык салмак кошуу 1-1,1 кг жетет. Убакыттын өтүшү менен бул көрсөткүч азаят, бирок күнүнө 800 граммдан төмөн түшпөйт.

Show More
Back to top button