2025-жылдын 5-февралында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Б.Э. Торобаев Кытайдын компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү менен бир катар маанилүү жолугушууларды ийгиликтүү өткөрүп, келечектеги долбоорлорду жана кызматташтыкты талкуулашты. Талкууланган негизги маселелердин арасында Heze Water Group Co., Ltd. компаниясы менен Улугчат Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунда көзөмөл кампасын (складын) куруу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Жолугушууда аталган долбоорду ишке ашыруунун маанилүү аспекттери каралып, келечектеги кадамдар белгиленди.
Мындан тышкары, малдарга арналган вакцина даярдоо менен алектенген Jilin Teyan Biotechnology Co., Ltd. компаниясы менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасына ветеринардык вакциналарды жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, бул өлкөдө ветеринария жана айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасир этерин белгилешти.
Иш-сапардын дагы бир маанилүү жагы болуп Кытай айыл чарба илимдер академиясы жана China Telecom компаниясы менен “акылдуу ранчо” технологияларын киргизүү маселеси болду. Жолугушуу учурунда Кыргызстанда айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана туруктуулугун арттыруу үчүн санарип технологияларды колдонуу, мал чарбачылыгы жана агробизнестеги процесстерди санариптештирүү боюнча инновативдүү чечимдерди колдонуунун келечеги талкууланды. Эки тарап акылдуу ранчо технологияларын киргизүү долбоорунун алкагында кызматташуу боюнча макулдашты, бул Кыргызстандагы айыл чарбасынын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы.