2025-жылдын 5-февралында, Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасыга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы менен эки тараптуу экономикалык байланышты чыңдоого жана бажы процедураларын жеңилдетүүгө багытталган төмөнкү маанилүү протоколдорго кол коюлду кол коюлду:
• Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына төө буурчак (фасоль) экспорттоого байланыштуу фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда;
• Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына канаттуулардын этинин, субпродуктулардын инспекциясы, карантини жана санитардык талаптары жөнүндө Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда;
• Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жуулган жүндүн жана кашемирдин инспекциясы, карантини жана ветеринардык-санитардык талаптары жөнүндө протокол, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда.
Кол коюлган протоколдор бажы контролун күчөтүүгө, төө буурчак (фасоль), канаттуулардын этин жана субпродуктулардын, ошондой эле жүндүн жана кашемирдин экспорттук процедураларын жеңилдетүүгө багытталган бир катар чараларды камтыйт. Протоколдор кыргызстандык компаниялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кытай рынокторуна кирүү процессин жеңилдетип, соода операцияларында ачыктыкты камсыз кылат. Ошондой эле, иш-сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын бизнес өкүлдөрүнүн Кытайдын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен Консультативдик жолугушуусу болуп өттү. Пекинде уюштурулган бул жолугушуу инвестициялык кызматташтыктын келечегин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн маанилүү платформага айланды, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча маселелер каралды. Өзгөчө көңүл кыргыз-кытай заманбап айыл чарба өнөр жайынын демонстрациялык парктарын куруу долбооруна бөлүндү.
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Хэбэй «Бай Доу Цзя» жер семирткичтер боюнча Кытай компаниясы ортосунда кошумча протоколго кол коюлуп, инвестициялардын жалпы көлөмү 260 миллион АКШ долларынан 410 миллион АКШ долларына чейин көтөрүлдү. Бул долбоор минералдык жер семирткичтерди чыгарган завод курууну камтыйт, бул Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болмокчу.
2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытайдын жеке жана мамлекеттик компаниялары менен минералдык жер семирткичтерди чыгарган заводду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. 2019-жылы Бишкекте өткөн Кыргыз-Кытай бизнес форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Хэбэй «Бай Доу Цзя» компаниясы ортосунда минералдык жер семирткичтерди чыгарган заводду куруу боюнча Меморандумга кол коюлган, ал эми 2023-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында 260 миллион АКШ долларлык Инвестициялык келишимге кол коюлган.
Ошондой эле, «Бир алкак, бир жол» долбоору алкагында Кыргызстандын «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коому менен China Railway Express Silk Road International (Shaanxi) Operation Co., Ltd. арасында жалпы суммасы 1 миллиард юанды түзгөн келишим түзүлдү, ошондой эле Changshu Silk Road Import Export Trade Co., Ltd. менен 1 миллион АКШ долларына келишим түзүлдү.
Тараптар кол коюлган келишимдер узак мөөнөттүү жана ийгиликтүү кызматташтыкка негиз болорун жана бул кыргыз жана кытай элинин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кыларын белгилешти.