Республика боюнча бүгүнкү күндө 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Анын ичинен:
трактор – 22149 даана,
соко – 10946 даана,
үрөн сепкич -3285,
малалар – 15234 даана,
жер семирткич чачкычтар – 754 даана,
арык казгычтар – 1362 даана,
жер тегиздегичтер – 2023 даана,
трактор чиркегичтери-9256 даана жана башка техникалар.
Аймактарда жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарына карата айыл чарба субъектери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп түзөө жана ремонтоо иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр. Азыркы учурда айыл чарба техникаларынын даярдыгы 75% түздү. Республика боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 149 трактордун ичинен 16 420 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 74%, соколордун 73%, үрөн сепкичтердин 71%, малалардын 74%, жер семирткич чачкычтардын 77%, арык казгычтардын 71%, жер тегиздегичтердин 77%, трактор чиркегичтеринин 81% даяр.
Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпы региондорду алганда жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышуусу күтүлүүдө.