Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Агродиалог-2025” форумунун жыйынтыктоочу салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл-чарба тармагындагы ийгилик жараткан чемпион дыйкан-фермерлерди, агро-ишкерлерге сыйлыктарды тапшырып, жалпы айыл чарба кызматкерлерин өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, азык-түлүк коопсуздугун камсыздап жаткан мээнеткеч ишмердүүлүктөрү менен куттуктады!

«Үч күндөн бери айыл чарбасында жакшы иш-чараны баштап, “Агродиалог-2025” форуму өзгөчө нукта өткөрүлдү. Бүгүн жыйынтыктап жатабыз. Эң жогорку түшүм алган, айыл чарбасында ийгиликтүү адамдарды кызыл килемден өткөрдүк, 32 адамды чемпион деп тандадык. Форум жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы, кайра иштетүү жана экспорт жаатында биз аныктаган чемпиондор өзүнүн ийгиликтери менен ой бөлүштү. “B2B” аянтчасында консультациялар уюштурулду. Тажрыйба алмашылды, керектүү маалыматка ээ болдуңар, өнөктөш таптыңар деп ойлойм. Мен да Сиздер менен кенен сүйлөшүп, жакшы диалог болду деп эсептейм. Дүйнөнү, элди айыл чарбасы гана сактап калат, экологиялык таза айыл чарба продукциялары баарынан жогору турат. Биздин мал чөптүн тазасын жейт, суунун тунугун ичет. Экологиялык таза айыл чарба продукцияларын кымбат сатуунун үстүндө ойлонуш керек», – деп билдирди куттуктоо сөзүндө министр Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле, “АгроДиолог-2025” форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чечими менен бир топ агроөнөр жай тармагынын мыктыларына мамлекеттик сыйлык жана алкыштар берилди. Алардын арасында:

1. Алыскы Алайку өрөөнүнүн таза сүтүн жана башка продукцияларын даңазалап жаткан “Алайку органикстин” жетекчиси Аскарбек Маметжановдун ысымын атап кетким келет.

2. Ноокаттын алмасын брендге айландырган Кудретилла Маматовдун эмгеги зор.

3.“Кант сүт” заводунун продукциялары сапат жагынан жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Жетекчиси Сүйүндүк Кадырович. Өндүргөн продукциялары сапат жагынан европалык аналогдордон кем калышпайт.

4.Бүгүнкү сыйлыктын арасында «Кайыңды кант» заводунун жетекчиси Нурбек Абдрахманов да бар. Элди жыл бою кант менен камсыз кылууда, бааны өз нугунда сактап турууда социалдык зор жоопкерчиликти көтөрүп келе жатканын белгилеп кетем.

5. Жумуртка жана тоок эти менен камсыз кылууда зор салым кошуп жаткан Сокулук районунан Малабаева Нургуль Маликовна бар.

6. Кыргызстанды өсүмдүк майы менен камсыз кылууда “Альфа май экстракция” заводунун салымы чоң. Жетекчиси Азамат Осмонбаев.

7. 800 адамды туруктуу жумуш менен камсыз кылып, 20 жылдан ашык “Бай Элим” ири агроөнөр жай ишканасын башкарып келе жаткан агробизнес вумен айым Рысгул Акимжанова бар.8. Таттуу-ширин-даамдуу “Куликовский тортун” ким жеген эмес? Денис Васильевич бүгүн эмгек сиңирген ишкер наамына татыды.

9. Ошондой эле Адал азык, Тойбосс колбаса-ларын ким билбейт. Компаниянын жетекчиси Мырзабек Орумбаев.

10. “Салих” ишканасынын “фирменный” продукциялары да рынокду багынтууда. Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын имиджи бекемделүүдө. Жетекчиси Равшан Абдурахимов.

11. Айыл чарбасына жаңы технологияларды киргизүүдө «Бай дыйкан» ишканасынын салымы чоң. Жетекчиси Эрлист Акунбековдун демилгеси менен айыл чарбасында инфраструктуралар жакшырып жатканын белгилейм.

12. Азыркы учурда Министрликтин ишине чоң салымын кошуп жаткан “Аталык групп” компаниясынын жетекчиси Туратбек Укубаевди белгилеп кетүү зарыл.

13. Прод-Импекстин жетекчиси Майлиева Шайлоогул Дуйшоновна өзүнүн варенье, компоттору, икра салаттары жана бадыраңдары менен баарыбызга таанымал.

14. Бензин-солярка менен камсыз кылган “Ред-Петролиумдун” жетекчиси Акылбек Маматовдун эмгеги бааланды.

15. Ошондой эле “Умай групп”, “Кока кола”, “Кант-цемент завод” сыяктуу ири компаниялар бар.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда жалпы конокторго концерттик маанай тартууланды.

Show More
Back to top button