Бүгүн, 31-январда, А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форумунун жыйынтыктоочу бөлүгү өттү. Төрт күн бою ар кайсы райондордогу айыл чарбасында үзүрлүү эмгек кылган дыйкан-фермерлер өздөрүнүн жетишкендиктери жана ийгилик сырлары менен бөлүшүп, көп жылдык тажрыйбаларын ортого салып мастер-класстарды өткөрүштү. Форумдун алкагында айыл чарбасындагы өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, кайра иштетүү жана экспорт боюнча кеңири талкуу болуп, дыйкандар менен ишкерлер ойлорун ортого салышты.
Ошондой эле, «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форумунун жүрүшүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарбасын дагы да өнүктүрүү максатында ишкер-дыйкандар менен кызматташуу боюнча бир катар Меморандумдарга кол коюлду. Белгилей кетсек, форумда жалпы Мал чарбачылыгы боюнча 75 презинтация көрсөтүлдү. Негизгиси соңунда мал чарбачылыгы боюнча жалпы 1 келишим, 2 макулдашуу жана 3 меморандумга кол коюлду. Ошондой эле, форумда жалпы 340 кайрылуу түшүп, министрликтин тиешелүү адистеринен жооп алынган.
Ал эми, «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форумунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мал чарбачылыгы боюнча чемпион аталган 16 фермерди жана өсүмдүк өстүрүү боюнча 16 дыйканды медал менен сыйлады. Андан сырткары, айыл чарбасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 300дөн ашуун дыйкан-фермерлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Негизинен, «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форуму бул жылы да эң жогорку деңгээлде өтүп, ага жалпысынан 2000дей киши катышып, форум өз максатына жетти. “Агро-Диалог 2025” Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы атаандаштыкты жана экономикалык өнүгүүнү арттырууда маанилүү аянтча болуп эсептелет. Форум ишкерликти өнүктүрүүгө, экспортко жол ачууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет.