Маанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев:Кайра иштетүү өнөр жай продукциясы – 48 млрд. 658 млн. сомго өндүрүлдү

Эки күндөн бери “Агродиалог-2025” форуму өткөрүлүп, анда өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармактары боюнча кеңири талкуулар жүрүп, презентациялар, маалыматтар угулду.

Ал эми бүгүн үчүнчү күнү 30-январда кайра иштетүү жана экспорт тармагы боюнча тажырыйба алмашуулар болуп өттү.

Бүгүнкү “Кайра иштетүү жана экспорт” боюнча чемпиондордун мастер-классында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары–Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев  өлкө жетекчилиги кайра иштетүү өнөр жай секторуна жана экспортко өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, бул тармак өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин артыкчылыктуу багыты болуп эсептелерин билдирди. 

— Бул тармакта 415 ири жана орто кайра иштетүүчү ишканалар, 12 миңден ашуун кичи ишканалар, 135 жашылча кампалар, 36 соода-логистикалык борборлор, 107 мал союу пункттары иштеп жатышат. Мындан сырткары, продукциянын кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү боюнча 17 кластердик бирикмелер катталып, кластердик өндүрүш менен алектенет. Ар бир өлкө, мамлекет, чийки-сырьедон кошумча нарк чынжырчасынын түзүү менен даяр продукцияны экспорттоого кызыкдар,- деп белгиледи өз сөзүндө министр Бакыт Төрөбаев. 

2024-жылдын жыйынтыгы менен кайра иштетүү өнөр жай ишканалары тарабынан 87 млрд. 358 млн сомдук тамак-аш азыктары өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) 120,1 пайызды түздү. Анын ичинен: 

– өсүмдүк продукциясы 10 млрд. 128 млн сомго, 

мал чарба продукциясы – 28 млрд 572 млн сомго, 

кайра иштетүү өнөр жай продукциясы – 48 млрд. 658 млн. сомго өндүрүлдү. 

Кайра иштетүү өнөр жай секторунда кластердик бирикмелерди мамлекеттик колдоо максатында “КАПК” долбоору ишке ашырылып, анын алкагында 2024-жылы 

7 млрд. 117 млн. сом жеңилдетилген кредиттер кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына ж/а алар м/н иштеген дыйкан-фермерлерге берилди. 

Сектордо жумушчу орундардын саны 5 %, ал эми орточо айлык акы өткөн жылга салыштырмалуу 10 % өстү. 

2024-жылы тамак-аш өнөр жайына тартылган инвестициялардын көлөмү 5 млрд сомду түзүп, 20 % өстү. 

Продукцияны экспорттоо 34 млрд 171 млн сомду түзүп, былтыркы жылдын денгээлиндеги көрсөткүч камсыз болду. Өлкөбүздүн 60тан ашуун айыл чарба продукциялары дүйнөнүн 80ге жакын өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат. 

Продукцияны экспорттоо үчүн ЕАЭС өлкөлөрүнүн реестрине 420 ишкана, Кытай реестрине – 24 ишкана, Өзбекстан реестрине 45 ишкана, Турция реестрине 12 ишкана катталып, өз продукцияларын тышкы рынокторго чыгарып жатышат. 

Эл аралык сапат стандаттары 56 ишканада киргизилип, өзүнүн жакшы жыйынтыктарын берип жатат, агро өнөр жай продукцияларын сатып алуу жаа сатуу максатында “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому түзүлдү. 

Show More
Back to top button