Кунарсыз жайыттарга эрте жазда себүү үчүн өлкөнүнүн бардык облустарындагы райондук агрардык башкармалыктарына, айыл өкмөттөрүнө жана муниципалдык ишканаларына жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү (кылкансыз түбү бош, таракбаш жана шалбаа бетегеси) жеткирилип, айыл өкмөттөргө жана муниципалдык ишканаларга таратылды. Бардык облустарга жалпысынан 137724 кг үрөн таратылды. Анын ичинен:
Ысык-Көл – 23787кг
Талас – 6639кг
Нарын- 11044кг
Чүй – 14783кг
Жалал-Абад – 41226кг
Ош- 38077кг
Баткен – 2168кг
Белгилей кетсек, учурда өлкөдө жазгы талаа иштери башатлып, дыйкандар үрөндөрдөн сырткары, күйүүчү-майлоочу май жана жер семирткичтерди жеңилдетилген баада ала алышат.