Бүгүн, 30-январда, Бишкекте өтүп жаткан «АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форумунун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев айыл чарбасында жигердүү ишмердүүлүк жүргүзгөн бирикмелер менен кызматташуу боюнча Меморандумга кол койду.
Атап айтсак:
“Кыргыз Органик Продукт” юридикалык жак бирикмеси (Мөмө-жемиш кластери);
“Органик Холдинг KG Ассоциациясы” юридикалык жак бирикмеси;
«Айыл Банк» ААК.
Министрлик менен “Кыргыз Органик Продукт” юридикалык жак бирикмесинин ортосундагы коюлган Меморандумда багбанчылыкты өнүктүрүү, инновацияларды киргизүү жана экспорттук потенциалды жакшыртуу, анын ичинде лабораторияларды түзүү, сорт сыноо жана илимий иш-чараларга катышуу боюнча Тараптардын биргелешкен аракеттери каралган. Ошондой эле жумуш орундарын түзүү жана айыл жериндеги фермерлерди, багбандарды жана ишкер аялдарды колдоо боюнча кызматташуу каралган.
Ошондой эле, “Органик Холдинг KG Ассоциациясы” менен түзүлгөн меморандум органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү аркылуу айыл жана тоо жамааттарын туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Ал эми жогорудагы келишимге ылайык, «Айыл Банк» кайра иштетүү, дүң жана чекене сатуу менен алектенген уюмдары үчүн жылына 8% дан 10 жылга насыя берет.