Бишкек шаарында 28-январь күнү башталган “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форуму өз ишин улантып жатат. Форумдун экинчи күнү, мал чарбасына арналган бөлүгүнө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары–Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Агродиалог-2025” форумунун негизги максаты — Кыргызстандын агрардык тармагын жаңы деңгээлге чыгарууга, заманбап технологияларды ишке ашырууга жана тажрыйба алмашуу менен жаңы жетишкендиктерди камсыз кылууга багытталган уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин билдирди.
Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев айыл чарба тармагындагы жетишкендиктер, жаңылануулар дыйкан-фермерлердин, жеке ишкерлердин, агроөнөр жай багытындагы ийгилик жаратып жаткан чемпиондордун талыкпаган эмгегинин натыйжасында ишке ашып жатканын баса белгиледи. Мындан улам, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолордун негизинде 2024-жылы айыл чарба тармагында орун алган бир катар маанилүү жетишкендиктерге токтолду.
“2024-жылы айыл чарбасынын жалпы дүң продукциясын өндүрүү көлөмү 395 млрд 637 млн сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга өскөн. Бул өсүш мал чарбанын 3,1 %, ошондой эле өсүмдүк өстүрүү продукциясын 10,3 % көп өндүрүүнүн эсебинен камсыздалган. Ал эми, кайра иштетүү өнөр жай тармагында 87 млрд. 358 млн сомдук продукция иштетилип, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) 120,1 % түзгөн. Продукцияны экспорттоо 34 млрд. 171 млн сомду түзүп, былтыркы жылдын денгээлиндеги көрсөткүч камсыз болгон. Өлкөбүздүн 60тан ашуун айыл чарба продукциялары дүйнөнүн 80ге жакын өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат”, – деп билдирген Бакыт Төрөбаев мындай жакшы көрсөткүчкө жетүүдө дыйкан-фермерлердин ролу чоң экендигин, алар Министрликтин негизги өнөктөштөрү болуп кала берээрин белгиледи.