Маанилүү жаңылыктар

Бишкекте “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форуму биринчи күнү башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан республикадагы өсүмдүк өстүрүү тармагында жогорку түшүмдүү сортторду өстүрүп, жакшы көрсөткүчтөргө жана экономикалык жетишкендиктерге жеткен дыйкандарды мотивациялоо, алардын тажрыйбасын жайылтуу жана фермерлерге үлгү көрсөтүү максатында уюштурулууда.

Форумдун биринчи күнүндө өсүмдүк өстүрүү тармагындагы 16 алдыңкы дыйкан-чемпион өз чарбачылык тажрыйбаларын бөлүшүп, ар кайсы аймактардан келген катышуучуларга мастер-класстарын өткөрүүдө. Алар талаа иштеринен тарта, түшүм жыйноого чейин колдонулган заманбап ыкмаларды жана мыкты технологияларды көрсөтүү менен тажрыйба алмашышат.

Форумдун программасы дан эгиндери, техникалык өсүмдүктөр, жемиштер, жер-жемиштер боюнча тажрыйба бөлүшүү жана мамлекеттик органдар менен финансылык институттардын колдоо программаларын таанытуу сессияларынан турат.

Бул форум өлкөнүн айыл чарба тармагындагы атаандаштыкты жана экономикалык өнүгүүнү арттырууда маанилүү аянтча болуп эсептелет. Форумдун жыйынтыгында мыкты практикалар жалпыга жайылтылып, дыйкандар арасында туруктуу өнүгүү принциптери бекемделет.

Show More
Back to top button