Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Казакстандан келе жаткан 20 тонна эспарцет үрөнү артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Казакстан Республикасынан келген фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 20 тонна эспарцет үрөнүн аныктаган. Тактап айтканда, 2025-жылдын 24-январында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы “Чалдавар автожолу” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан “Жыйынды постунда” текшерүүдө Казакстан Республикасынан келген 20 тонна көлөмдөгү эспарцеттин үрөнүн Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган. Анда фитосанитардык сертификатта камтылган маалыматтар жүктүн маркировкасында көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиктен, карантинге алынуучу продукцияны кайтарып берүү жөнүндө акты түзүлүп, жүк Казакстан Республикасына кайра кайтарылган.

Show More
Back to top button