Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан 2024-жылы зыяндуу организмдерге каршы карантинге алынган жалпы көлөмү – 206 179,3 м3 аянттагы продукция зыянсыздаштырылды. Анын ичинен:
-Көчөттөр жана кампа жайларынан – 91 614,2 м3;
– Үрөн чарбалар – 43 165,6 м3 ;
-Тангактоочу материалдар, кургатылган мөмө-жемиштер, дан буурчактар ж.б. – 71 399,5 м3 .