2025–жылдын жазгы айдап себүүсүнө республика боюнча жалпы 57,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет. Үрөнчүлүк чарбалар жана чарбалык субъекттер тарабынан 64,6 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолду. Ал эми камсыздалганы 89,1%ды түздү. Анын ичинен күздүк буудайдын үрөнүнүн керектөөсү 17,8 миң тоннаны түзсө, топтолгону 20,5 миң тонна же 87,3% түзгөн. Күздүк арпа – керектөөсү 39,5 миң тонна болсо, топтолгону 43,9 миң тонна же 89,96% болду. Сулу үрөнүн керектөөсү 15,7 миӊ тонна жана топтолгону 15,7 миӊ тонна болуп, камсыздалышы 100% түздү. Мындан башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү:
Жүгөрү үрөнүн керектөөсү 31,6 миӊ тоннаны түзсө, топтолгону 28,1 миӊ тоннаны түзүп, камсыздалганы 88,5% болгон. Ошондой эле май өсүмдүктөрүнүн керектөөсү 48,6 миӊ тоннаны түзүп, топтолгону 46,8 миӊ тонна болуп, 96,2 % га камсыздалган. Мындан тышкары, пахта үрөнүн керектөөсү 74 миӊ тонна болсо, топтолгону 63,5 миӊ тоннаны түзүп, камсыздалганы 85,7% түздү. Ошондой эле, тамеки үрөнүн керектөөсү 1,08 миӊ тоннаны түзүп, топтолгону 1,07 миӊ тонна ал эми камсыздалганы 98,61% түзгөн.