Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өлкөдө мал-жандык жана үй канаттууларынын санагы жүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин кызматкерлери тарабынан айыл чарба малдарынын жана үй канаттууларынын санагы жүрүп жатат. Азыркы учурда Министрликтин кызматкерлери Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарына малдарды эсептөө боюнча контролдук иш чараларды өткөрүүдө. Анын жыйынтыгы февралдын аягына чейин чыгарылат. 

Былтыркы санакта үй канаттууларынын саны республика боюнча 6 млн 988 миң 968 болсо, ири мүйүздүү мал – 1 802 299, топоз – 59 142, жылкы – 542 527, кой-эчкинин саны – 6 216 125 түзгөн. 

Белгилей кетсек, жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык айыл чарба малдарынын жана үй канаттууларынын санагы Улуттук статистика комитети менен биргеликте ишке ашырылат.

Дагы окуу

Show More
Back to top button