Жылкы жана эт өндүрүү боюнча чемпиондор аныкталды. Алар Айбек Сатиев менен Жеңиш Норузбаев. Айбек Сатиев 2014-жылдан бери таза кандуу жылкыларды багып келет. Бүгүнкү күндө анын сарайында асыл тукум 35 баш бээ, таза кандуу 5 баш айгыры бар. Айбек таптаган көрүнүктүү айгырлардын бири атактуу “Искендер”. Ал 2018-жылдан бери Борбор Азия боюнча эң чоң жылкы болуп аталып, эл аралык деңгээлде өткөн ат оюндарында алдыңкы орундарды алып, баш байгени бербей келет. Ал эми “Али-Баба” аттуу айгыры да 2018-жылдан бери Казахстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда болуп өткөн ат оюндарында алдыңкы орундарды ээлеп келүүдө. Жеңиш Норузбаев болсо, 33 жылдан бери эт багытындагы уйларды багат. Учурда анын 60 баш “Головей” жана 50 баш “Герефорд” эт багытындагы уйу бар. Былтыр ал 1 жаштагы букалардан 300 кг чейин таза эт алган. Жеңиш мырза 2002-жылы “Ак сарай” дыйкан чарбасын түзүп, эт багытындагы малдарды өстүрүп, киреше табуунун жакшы өздөштүргөн. Бүгүнкү күндө “Ак-Сарай” – асыл тукум уй чарба статусун алып, фермерлерди сапаттуу мал менен камсыз кылууда. Эгер сиз дагы ушундай ийгиликке жетип, жакшы киреше тапкыңыз келсе, анда, асыл тукум багып, бизнесин жакшырткан фермерлер 2025-жылдын 28, 29, 30 жана 31-январь күндөрү саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтө турган форумда ийгилик сырлары менен бөлүшүп, породалуу мал-жандыктарды туура багуунун жолдорун айтып беришет. Иш-чарада: 28-январь өсүмдүк өстүрүү; 29-январь мал чарбасы; 30-январь кайра иштетүү жана экспорт багытында кызыктуу талкуу болот. 31-январь жыйынтыктоочу бөлүгү А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында уюштурулат. Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0709-144 938 (Эльвира Мамбетова) Министрликтин бөлүм башчысы.
Подробнее
26.03.2021
2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 428,4 млн сомду түздү
07.06.2023
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда
19.05.2021
Министрлик малдардын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү
05.04.2021
Министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту
28.06.2021
Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду
26.05.2021
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү
14.04.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
05.04.2021
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда
27.04.2021
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады
02.04.2021
Министр Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту
Смотрите также
Close