Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти, пестициддерди каттоо процесси жана анын айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоодо коопсуз колдонуу, айлана чөйрөнү коргоодо анын маанилүүлүгү жөнүндө маалымдайт. Пестициддерди каттоо − бул Кыргыз Республикасында адамдын ден соолугун, айлана-чөйрөнү коргоону жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу милдеттүү процедура. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти каттоо эрежелерин так сактоо жана каттоодон өткөн гана пестициддерди колдонуу зарылдыгын эскертет. Пестициддерди каттоо боюнча кененирээк маалымат же кеп-кеңеш алуу үчүн Министрликтин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине кайрылсаңыз болот.
Байланыш номерлери: +996 312 62-59-61, +996 555 881-755 (Алмаз Алакунов, Өсүмдүктөрдү коргоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы). E-mail: dephim@mail.ru