Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Агро-Диалог 2025” агроөнөр жай форуму өтөт

Айыл чарба тармагындагы чемпиондор! Алар жараткан ийгилик сырын билип, басып өткөн жолдорун билгиңиз келеби? Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Агро-Диалог  2025” аталышындагы агроөнөр жай форуму 28-29-30-31-январь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

 Форумда республиканын бардык дыйкан-фермерлери, айыл чарба тармагынын ар бир багыты боюнча ийгилик жараткан чемпиондор жана ишкерлер менен баарлашып, мыктылар өз тажрыйбасын ортого салышат. Талкуунун жыйынтыгында агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөр жаралат. Иш-чара:

 28-январь Өсүмдүк өстүрүү 

29-январь Мал чарбасы 

30-январь Кайра иштетүү жана экспорт багытында кызыктуу талкуу болот. 

31-январь Жыйынтыктоочу бөлүгү уюштурулат. 

Бардык калоочулар үчүн эшигибиз ачык. Өтө турчу жери К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети. Башталышы саат 10:00дө. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгү А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өтөт. 

Байланыш номерлер:

0709-144 938 

0770-850015 

0990-559082

Show More
Back to top button