Жайыттарды жакшыртуу, кайрак жерлерге сууну жеткирүү максатында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийлик органдарына, акимдерге, айыл өкмөттөргө жана жайыт муниципалдык ишканаларына жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруу иштерин алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.
Буга чейин Баткен облусуна үч жасалма мөңгү тоңдурулган. Мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында жайгашкан.