Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы 2024-жылы 803 текшерүү жүргүзүп, натыйжада 1438 мыйзам бузуу аныктаган. Анын ичинен:
⦁ жер жаатында – 1042 мыйзам бузуу
⦁ суу жаатында – 396 мыйзам бузуу
Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасыны Укук бузуулар Кодексинин негизинде, жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 623 болду. Аларга салынган айып пулдун жалпы суммасы 5 318 500 сомду түздү. Ал эми аталган суммадан 4 369 180 сом өндүрүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөнүп берилди. Ошондой эле, коюлган доонун суммасы 9 676 150 сом түзүп, анын 5 252 722 сому мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.