
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра ишитетүү өнөр жайы министрлиги«Өсүмдүк өстүрүүнү, анын ичинде жашылча өстүрүүнү өнүктүрүү боюнча мастер-планды кластердик ыкманын негизинде туруктуу жана кирешелүү айыл чарбасын илгерилетүү үчүн иштеп чыгууда», ал Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылып жатат.
Бул долбоордун максаты – жашылча өстүрүү жана айрым айыл чарба өсүмдүктөрүн өнүктүрүү үчүн мастер-план түзүү, ошондой эле кошумча нарк чынжырынын бардык катышуучуларынын кирешелерин жогорулатуу. Долбоордун негизги максаты – стратегиялык пландоонун, өндүрүмдүүлүктү арттыруунун жана алдыңкы тажрыйбаларды интеграциялоонун жардамы менен айыл чарбанын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүү.




