2024-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаменти тарабынан «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо» (атмосферага бөлүнүп чыгуусун алдын алуу үчүн көмүр кычкыл газын (СО2) кармоо жана сактоо ) долбоорун ишке ашыруу иштерин баштаган. Долбоордун негизги максаты – көмүртектин атмосферага бөлүнүп чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү менен өлкөнүн өнүгүшүн камсыздоо. Бул долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылган: Жайыттарга мониторинг жана балоо жүргүзүү, үрөн себүү жана башка жумуштарды биргеликте аткаруу үчүн 2024-жылдын март айында Департамент менен АРИСтин (Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу) ортосунда меморандум түзүлүп кол коюлду; Департаменттин адистерине ФАОнун (БУУнун Азык-түлүк айыл чарба уюму) консультанттары тарабынан климаттын өзгөрүшүнүн жайыттарга тийгизген таасири боюнча окууларды өткөрүлдү; Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаментине долбоор тарабынан колдоо көрсөтүү үчүн 2 консультант алынды.
Подробнее
26.03.2021
2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 428,4 млн сомду түздү
07.06.2023
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда
19.05.2021
Министрлик малдардын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү
05.04.2021
Министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту
28.06.2021
Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду
26.05.2021
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү
14.04.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
05.04.2021
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда
27.04.2021
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады
02.04.2021
Министр Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту
Смотрите также
Close