
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунда сига-лудога балыгынын уругун алуу иштери аяктады. Жалпысынан 12 миллион урук алынып, анын ичинде “Тоң мамлекеттик балык чарба” ишканасы – 9 миллион урук алууга жетишти. Ал эми Түп районундагы “Ысык -Көл плюс балык өстүрүүчү айыл чарба” кооперативи – 3 миллион урук алды. Алынган балыктардын уругу инкубациялык цехтерге инкубациялоо үчүн аппараттарга салынды. Белгилей кетсек, сига-лудога балыгы 2-3 жылда чоңоюп, салмагы 4 килограммга чейин жетет
