Токталиев Рахат, Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунда таза бал алуу үчүн көчүп конуу менен чогултуп “Ат-Башы ак балын” өндүрүп келет. Рахат мырза, 2024-жылы 8 тонна бал өндүргөн, анын 60% экспортко кеткен. Ат-Башы ак балынын өзгөчүлүгү нукура таза бал болуп эсептелет. Рахат мырза балдын 2 түрүн өндүрөт, Эспарцет балы жана тоо гүлдөрүнөн алынган балды. Ал эми Зуев Михаил жогорку продуктивдүү “Голштин” породасындагы малды өстүрүүгө адистешкен “Крепость” дыйкан-фермердик чарбасынын жетекчиси. Даниядан жана Германиядан тандалган элиталык бодо мал чарбага эки этапта киргизилген. Учурда чарбада төмөнкүлөр бар: Голштино-фриз породасындагы 40 уй, жана 43 музоо — бул малдын тукуму. “Крепость” ДФЧ европалык респонденттик үйүрдү көзөмөлдөө системасын колдонот. Система реалдуу убакыт режиминде иштейт жана жазат: уйлардын физикалык абалы, Аңчылык фазалары, рацион жана тамактануу деңгээли. Сиз дагы ушундай жыйынтыктарды жаратып, ийгиликке жеткиңиз келеби? Анда, багбанчылык, дыйканчылык, мал чарбачылык менен чоң жетишкендиктерге жетишип, ийгилик жараткан адистер жана фермерлер 2025-жылдын 28-29-30-31-январында саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинде Агродиалог-2025 иш чарасынын алкагында кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Иш чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0709-144 938 (Элвира Мамбетова).
Подробнее
26.03.2021
2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 428,4 млн сомду түздү
07.06.2023
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда
19.05.2021
Министрлик малдардын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү
05.04.2021
Министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту
28.06.2021
Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду
26.05.2021
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү
14.04.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
05.04.2021
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда
27.04.2021
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады
02.04.2021
Министр Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту
Смотрите также
Close