Өлкө боюнча буудай жана чычырканак өстүрүү боюнча чемпиондордун ысымдары белгилүү болду. Алар – Чүй облусунун Москва районунун фермери Анисимов Алексей жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Окенов Таалай. Алексей мырза 2024-жылы эгилген буудайдан 1 гектардан 86,0 центнер түшүм алган. Таалай мырза болсо 2019-жылы отургузулган чычырканактан 1 гектардан 70,0 центнер түшүм жыйнап, 1 млн 400 миң сом киреше тапкан.
Сиз дагы ушундай жыйынтыктарга жетип, киреше тапкыңыз келеби? Анда өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылыкта чоң жетишкендиктерге жетишкен адистер жана фермерлер “Агродиалог – 2025” иш чарасынын алкагында 2025-жылдын 28-29-30 жана 31-январь күндөрү саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алар буудай жана чычырканак өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары тууралуу айтып беришет.
Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0770850015 (Турат Идрисов), Министрликтин бөлүм башчысы.