Тоң районунун Сырт өрөөнүнүн Кара-Саз кыштоосунда кыргыз ак топоз баккан фермер Баатырбек Акматов. Баатырбек мырза 2003-жылдан бери топоз багып келет. 1 баш топоздон орто эсеп менен 200 кг экологиялык таза эт алат. 2024-жылы эң чоң көрсөткүчү болуп 1 баш букадан 300 кг таза эт алган. Азыркы учурда 250 баш ак топозу бар. Дүйнөдө ак топоздун териси жана жүнү абдан бааланып келет жана кайра иштетүүдө колдонулат. Ал эми жаш ветеринардык адис Мурзакулов Мирлан 7 жылдан бери жашыл тоют (гидропоника) даярдайт. Ушул жылдар аралыгында мал жандыктарды сандан-сапатка өтүүдө тоюттардын сиңимдүүлүгү боюнча илимий маалыматтарга таянып, климаттын өзгөрүүсүн эске алуу менен жана жайыттарды сактоо, туура пайдалануу, арзан тез сиңимдүү болгон тоют бул гидропоникалык тоюттарды жасоого бел байлап, атайын Европадан келген Канадалык адистерден билим алган. Бүгүнкү күндө Мирлан мырза Жалал-Абад областында– 920 фермер, Ош облусунда- 512 фермер, Баткен областында- 86 кызыктар болгон фермерлерди атайын гидропоникалык тоюттарды даярдоо боюнча окуулардан өткөргөн. Окуу-семинарлардын жыйынтыгы менен өз чарбаларына жасаган 28 фермер үй-шартында кеңири пайдаланып келишүүдө. Ал эми алыскы райондорго онлайн окуу уюштуруп келет. Сиз дагы ушундай жыйынтыктарды жаратып, ийгиликке жеткиңиз келеби? Анда, багбанчылык, дыйканчылык, мал чарбачылык менен чоң жетишкендиктерге жетишип, ийгилик жараткан адистер жана фермерлер 2025-жылдын 28-29-30-31-январында саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшөт. Иш чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0709-144 938 (Элвира Мамбетова),
Подробнее
26.03.2021
2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 428,4 млн сомду түздү
07.06.2023
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда
19.05.2021
Министрлик малдардын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү
05.04.2021
Министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту
28.06.2021
Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду
26.05.2021
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү
14.04.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
05.04.2021
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда
27.04.2021
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады
02.04.2021
Министр Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту
Смотрите также
Close