
Бүгүн, 10-январда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ала-Бука, Токтогул райондорунда III-Элдик Курултайда айыл чарбасы жаатында маселелери менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү эл менен жолугушуп, алар көтөргөн көйгөйлөрдү жеринен чечүү боюнча жыйын өткөрдү. 2024-жылдын 20-21-декабрында өткөн III Элдик курултайда Ала-Бука районунун делегаттары 8 маселе көтөргөн, анын ичинде таза суу боюнча – 4, ирригация – 3, кайра иштетүү жана логистика боюнча – 1 маселе сунушталган. Ал эми Токтогул району боюнча жалпы 22 маселе көтөрүлүп, анын ичинен таза суу боюнча – 6, ирригация – 11, жайыт жана мал чарба боюнча – 4, насыялар боюнча – 1 маселе айтылган. Атап айтканда, Ала-Бука районунда Жапасалды айылын таза суу менен камсыз кылуу, Чанач-Сай дарыясынан түтүк тартуу, Совет-Сай айылын сугат суу менен камсыздоо, 1-Май айыл аймагына Сумсар-Сай суу сактагычын куруу, Дейрес-Сай айылындагы сугат суу үчүн пайдаланылган түтүктөрдү жаңылоо жана Чанач-Сай дарыясына БСР, БДР куруу маселелери көтөрүлгөн. Ошондой эле Ала-Бука жана Аксы райондорунда өндүрүлүп жаткан кара өрүктү кайра иштетүүчү завод ачуу сунушу берилген. Токтогул районунда таза суу маселесин чечүү, ошондой эле Ничке-Сай, Чоргочу, Торкен, Кушчу-Суу, Терек-Суу, Чоң-Арык, Мазар-Суу, Кара-Күнгөй жана Сары-Жайык айылдарындагы таза сууга болгон муктаждыктарды камсыздоо зарылдыгы белгиленген. Мындан тышкары, Кемпир-Өлдү каналын оңдоо, Борду суу участогуна БСР куруу, Ничке-Сай айылына Сан суусу аркылуу 8 чакырымдык канал куруу, Үч-Терек айыл аймагындагы БСРди капиталдык ремонттон өткөрүү маселелери айтылган. Ага катар “Тегерек” каналына БСР куруу, Жаны-Арык жана Орто-Арык каналдарын ишке киргизүү, Кара-Күнгөй айылындагы суу каналынын 2 чакырымын оңдоо, М-1 насостук станциясындагы узундугу 3600 метр, диаметри 720 мм болгон түтүктөрдү алмаштыруу, “Көк-Жар” каналынын участогуна кар көчкүсүн өткөрүүчү 30 метрлик түтүк коюу маселелери да көтөрүлгөн. Ничке-Сай айылындагы 25 гектар жердин багытын өзгөртүү, “Кетмен-Төбө бал аарычылар” уюмуна көмөктөшүү, Ничке-Сай айылына өзгөчө макам берүү жана айыл чарбасына берилүүчү насыялардын шарттарын жеңилдетүү боюнча сунуштар берилген. Белгилей кетсек, 9-январда Бакыт Төрөбаев Сузак, Ноокен, Аксы, Базар-Коргон райондорунун тургундары менен жолугушкан.





