Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Тыбыт багытындагы эчки жана жылкы баккан фермер – чемпиондор

Тыбыт- кашемир багытындагы эчки баккан фермер Сабыр Тойгонбаев. Сабыр мырза 1 баш эчкиден 250 грамм жогоркуу сапаттагы тыбыт алып, кирешесин арттырып келүүдө. Сабыр мырза 2017-жылдан бери тыбыт багытындагы эчки багып келет, орто эсеп менен 100 баш эчкиден 135 баш төл алып, жылына 30-40 баш асыл тукум теке элге сатып турат. Ал эми жылкычы Зейнеп Касымова 30 жылдан бери жаңы кыргыз породасындагы жылкы багып келет. 2010-жылы “асыл тукум жылкы” чарба статусун алган. Бүгүнкү күндө Зейнеп айымда 115 баш жаңы кыргыз породасындагы жылкы бар. 2024-жылда 87 баш бээден 74 баш кулун алган. Улуттук оюндарда биринчи орундарды багындырып, байгелерди утуп келет. Сиз дагы ушундай жыйынтыктарды жаратып, жакшы киреше тапкыңыз келеби? Анда, багбанчылык, дыйканчылык, мал чарбачылык менен чоң жетишкендиктерге жетишип, ийгилик жараткан адистер жана фермерлер 2025-жылдын 28-29-30-31-январында саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшөт. Иш чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0709-144 938 (Элвира Мамбетова), 0770850015 (Турат Идрисов).

Show More
Back to top button