Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош, Жалал-Абад, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында III-Элдик Курултайга келип, айыл чарбасы жаатында маселелери менен кайрылган делегаттар менен жолугушуп, алар көтөргөн көйгөйлөрдү жеринен чечүү боюнча жолугушууларды өткөрүүдө.
Бүгүнкү 8-январдагы Араван районундагы жыйынга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, райондун акими, айыл өкмөттөрдүн башчылары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондогу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен курултайдын делегаттары катышты.
Жалпысынан Араван району боюнча курултайда айыл чарбага тиешелүү 17 маселе көтөрүлгөн. Алардын ичинен ирригация – 12, кайра иштетүү – 2, азык-түлүккө болгон баанын сакталышы – 2, айыл чарба жерлери боюнча – 1 суроо айтылган.
Алсак, Араван суу сактагычын куруу, “Достук” насостук станциясын оңдоо, Дөбө-Коргон айыл аймагынын Какыр участкасындагы сугат суу маселеси, Көк-Сарай суткалык жөнгө салуучу бассейнди (БСР) куруу, Дөбө-Коргон айыл аймагындагы “Мир” суу насостук станциясынын жеке менчикке берилип кетүүсүнүн мыйзамдуулугун карап, аны ишке киргизүү, Какыр-Пилтан айылына сугат суу чыгаруу белгиленген.
Мындан тышкары, Төө-Моюн айыл аймагын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Тегирмеч дарыясынын агымынын бир бөлүгүн Абшыр-Сай дарыясына өткөрүү, Чек-Абад айыл аймагындагы сугат суу маселесин чечүү, мөмө-жемиш, пахта, дарбыз сактоочу жайларды, соода-логистикалык борборлорду, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, пахта, картошка, капуста жана башка мөмө-жемиштерге болгон бааларды турукташтыруу айтылган.
Отурумдун жүрүшүндө көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча аткарылган иштер белгиленип, тиешелүү мамлекеттик органдарга жеринде тапшырмалар берилип, конкреттүү чечимдер кабыл алынууда.