Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Казакстандан келген буудай продукцияларында карантиндик зыяндуу организм аныкталган – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Казакстандан келген буудай продукцияларында карантиндик зыяндуу организм аныкталган

2024-жылдын 29-декабрында Чуй облусунун мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы “Чалдовар” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан «Жыйынды постунда» фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде, Казакстан Республикасынан импорттолуп келген буудайдын партиясында көлөмү – 270 тонна, карантиндик зыяндуу организм – Сойломо кекире (Acroptilon repens (L.) DC.) Бишкек шарында жайгашкан карантиндик лабораторияга жиберилген үлгүлөрдөн табылган.

Азыркы учурда расмий түрдө Казакстан Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органына Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарынын бузулушу боюнча билдирүү (нотификация) даярдалып, расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилет.

Show More
Back to top button